Акыйкатчы институту: мамлекеттик сайттар майыптыгы бар адамдар үчүн ыңгайсызДепутат боксчу Омар Левазага убада кылынган батир боюнча маселени көтөрдүУКМК: баңги заттарды ташыган трансулуттук канал аныкталып, эки жаран кармалдыКелечектин лидерлери: «Росатом» Кыргызстандын жаштарына кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?Чүйдө жаранды 17 миң долларга алдоого шектелип эркек киши кармалдыБишкектин Арча-Бешик конушундагы №79 мектептин жаңы имаратынын курулушу аяктады
УКМК чагымчыл маалымат тараткандарга эскертүү берди
26.06.2019 | 14:59
Мамлекеттеги коомдук-саясый абалды чыңоо максатында “фейк” жана чагымчыл маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартылат. Мындай эскертүүнү УКМКнын басма сөз кызматы таратты.
“УКМК айрым социалдык тармактарда УКМК Ош шаардык башкармалыгынан куралчан атайын кызматкерлери Бишкек шаарына келди деген маалыматтар чындыкка дал келбейт деп расмий түрдө билдирет. Бүгүнкү күндө УКМК тарабынан атайын күчтөрү катышкан кандайдыр бир ыкчам операциялар жүргүзүлгөн жок”, – деп жазылат билдирүүдө.
Учурда УКМК тарабынан чагымчыл маанайдагы маалымат жайылткандарды аныктоо боюнча текшерүү иштерин жүргүзүп жатат. Жалган маалыматтарды тараткандыгы аныкталса алар кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат
Рубрики: Жаңылыктар