Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
5-ноябрдын аба ырайы: Өлкөдө жаан жана кар жаайт
05.11.2025 | 09:00

Бүгүн, 5-ноябрда, Кыргызстандын аймагында аба-ырайы кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланышы күтүлөт. Тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
- Чүй облусунда түнкүсүн -5…0°C, күндүз -1…4°C;
- Талас облусунда түнкүсүн -4…-6°C, күндүз -1…+1°C;
- Ош облусунда түнкүсүн 2…4°C, күндүз 4…6°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 2…4°C, күндүз 4…6°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн 1…3°C, күндүз 2…4°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1°C, күндүз 1…5°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн -6…-8°C, күндүз 0…2°C болот.
- Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн -1…-3°C, күндүз 0…+2°C болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом