Клара Сооронкулова президенттикке талапкерлигин көрсөтүү боюнча БШКга арыз бердиӨкмөттө үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу чаралары талкууландыКР Кытай жана БА менен биргелешкен курулушка кызыкдар — ЖапаровКыргызстанда кубаттуулугу 15 МВт болгон суу үстүндөгү күн электр станциясы курулатОш мамлекеттик университетинин окутуучусу Кытайдын институтунда сабак берүүдөОнлайн-платформалар жана бош убакытты уюштуруунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү
Аба ырайынын начарлашына байланыштуу жолдордо чектөө киргизилди
05.11.2025 | 10:10

5-ноябрда өлкө аймагында кар, бороон жана муз тоңуу байкалгандыктан, оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди.
Чектөө киргизилген тилкелер:
- Суусамыр – Талас – Тараз жолу (Өтмөк ашуусунун 60-чакырымы)
- “Сосновка” жана “Чычкан” посттору
Бул чара жол коопсуздугун камсыздоо жана кырсыктардын алдын алуу максатында көрүлүүдө. Тийиштүү кызматтар жолдорду тазалоо жана кум-туз себүү иштерин жүргүзүп жатышат.
Жарандардан жана айдоочулардан аба ырайынын шарттарын эске алуу жана алыскы сапарларды убактылуу жылдыруу эскертилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом