Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 5-сентябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт.
Тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;
Таласта түнкүсүн 4…9, күндүз 21…26;
Ош, Жалал-Абад, Баткен аоблустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 23…28;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 9…14, күндүз 18…23;
Нарында түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25 градуска чейин ысыйт
Бишкек шаарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүз 25…27° жылуу болот.
сүрөт: Zafer Dincer