Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
“$58 миң беришиң керек”. Ошто чет элдиктен акча опузалоого шектүү кармалды
19.02.2024 | 10:29
Ош облусунун Кара-Суу районунда чет элдик жарандан акча опузалаган шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 12-февралда милицияга Кытайдын 54 жаштагы Л.Ч. аттуу жараны арыз менен кайрылган. Ал арызында Азам аттуу жаран “сен 58 миң доллар беришиң керек” деп коркутуп, акча опузалаганын билдирген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесине (опузалап акча талап кылуу) ылайык кылмыш иши козголгон.
Милициядан билдиришкендей, 17-февралда опузалаган акчаны алып жаткан жеринен шектүү катары 52 жаштагы К.А. аттуу жаран кармалып, камакка алынган.
Учурда ыкчам-тергөө амалдары уланууда.