БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
6 айда 138,5 млрд сом салык топтолду
04.07.2024 | 19:00
6 айда өткөн жылдын январь-июнь айына салыштырмалуу 22 млрд 396,7 млн сомго көп, 138,5 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Аны менен план 5 млрд 25,5 млн сомго ашыгы менен аткарылды.
Топтолгон акчанын 101 млрд 256 млн сому салык жана төлөмдөр, план 283,2 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2023-жылдын биринчи алты айына салыштырмалуу 16,8 млрд сомго көп.
Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча сумма 37 млрд 307 млн сомду түзүп, план 4,7 млрд сомго ашыгы менен аткарылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом