Башкы прокурор Курманкул Зулушев Көк бөрү федерациясынын президентти болуп шайланды. Бул боюнча чечим бүгүнкү кезексиз жыйында кабыл алынды.
Ал эми Рамис Жунусалиев вице-президент болуп дайындалды.
Белгилей кетсек, Рамис Жунусалиев 2023-жылдын 17-октябрында Көк бөрү федерациясына жетекчи болуп тандалган.
Ага чейинки башчысы Канат Бегалиев 31-августта Ош облусунда көк бөрүнүн жогорку лигасынын финалындагы тополоңдон кийин кызматын тапшырган.
Федерациянын маалыматында, эми аламан улак, жер улак Көк бөрүгө кошулуп, жетекчилери шайланды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз