Милиция Акжолтой Тукуновдун кармалышы боюнча үн катты

Милиция Акжолтой Тукуновдун кармалышы боюнча үн катты

Чүй облустук милициясы автивист Акжолтой Тукуновдун кармалышы боюнча үн катты.

Маалыматка ылайык, милиция социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда А.Т. аттуу жаран (Акжолтой Тукунов – ред.) «Фейсбукта» коомчулукту массалык башаламандыктарга чакырган жана көкүткөн материалдарды таратып жатканы аныкталган. Ал боюнча экспертиза жасалып, анын жыйынтыгы Тукуновдун билдирүүлөрүндө «массалык каршылык акцияларга, калайман башаламандыктарга жана бийликти алмаштырууга чакырык жасоонун белгилери бар» деп чыккан.

Аталган факт боюнча милиция Кылмыш-жаза кодексинин 37-278-беренесине (массалык башаламандыктарга аракет көрүү) ылайык кылмыш ишин козгогон.

Бул иш боюнча шектүү катары 43 жаштагы Акжолтой Тукунов кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Тергөө уланууда.

Анын бөгөт чарасы сотто каралууда.

Тукунов 2022-2023-жылы Монополияга каршы кызматтан директорунун орун басары кызматын ээлеген, коомчулукка активист катары белгилүү.

Жергиликтүү ММКлар жазгандай, ага 2021-жылы «Фейсбукта» жазган билдирүүсү үчүн кылмыш иши козголгон.

Милиция активист Акжолтой Тукуновду кармады

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>