Евразиялык интеграция: жетилгендик экзамени тапшырылды. Андан ары эмне болот?Тоо боорундагы эс алуу күндөрү: кышкы адреналин издеп Бишкектен кайда баруу керек?Кыргызстанда канаттуулардын саны жана жумуртка өндүрүү 40%га өскөнү катталдыШвейцариянын лыжа курортундагы өрттөн ондогон адам каза болдуТелевидение кыргызстандыктардын эс алуусунун негизги түрү бойдон калуудаАйыл чарба продукциясын чыгаруунун көлөмү 396 млрд сомдон ашты
6 гектардан ашык жайыт жер мамлекетке кайтарылды
27.03.2025 | 11:15
Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы Ош облусунун Кара-Суу районунун Датка айыл өкмөтү 6,17 гектар жайыт жерди мыйзамсыз жеке менчикке берип жибергенин аныктады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында, аталган жайыт жер мамлекетке кайтарылды.
Министрлик Жер кодексинин 4-беренесинин 4-пунктуна ылайык, жайыт жерлер жеке менчикке же ижарага берилиши мүмкүн эместигин билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар