6-сентябрь. Кыргызстанда илдет дагы 87 адамдан тастыкталды

06.09.2020 | 10:41

Акыркы суткада Кыргызстан боюнча илдетти 87 адам жуктурду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек – 16
Ош – 2
Чүй облусу – 10
Ош облусу – 11
Талас облусу – 4
Нарын облусу – 1
Ысык-Көл облусу – 7
Жалал-Абад облусу – 16
Баткен облусу – 20.

Бүгүнкү күнгө чейин вирусту жуктургандардын жалпы саны 44 миң 403гө жетти.

Ал эми соңку суткада коронавирустан каза болгондор катталган жок. Буга чейин илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1 миң 61ди түзөт.

Scroll to Top