7-9-январда өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы тууралуу маалымат

7-9-январда өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы тууралуу маалымат

7-январда жана 8-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

8-январда күндүз Чүй, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

9-январда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын болбойт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-январда Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

10-11-январларда Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба-ырайынын жакындатылган болжолдоосу:

10-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

11-январда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>