7 суткага камашкан, керебетке байлашкан. Бишкекте мыйзам бузуулар менен иштеген реабилитациялык борбор аныкталды

Бишкектеги “Путь в жизнь” реабилитациялык борборунда үрөйдү учурган мыйзам бузуулар аныкталды.
УКМКнын маалыматында, борбор өзүн көзкарандылыктын ар кандай түрү менен жабыркаган адамдарды дарылоочу уюм катары таанытканы менен, иш жүзүндө жеке медициналык-психиатриялык мекеме катары иш жүргүзүп келгени аныкталган.
Ошондой эле борбордо мурда көз карандылык менен жабыркаган, жогорку медициналык билими жок жана лицензиясы жок кызматкерлер иштеген. Алар жетекчиликтин көрсөтмөсү менен бейтаптарга жасалма психиатриялык процедураларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.
Бейтаптар курч психологиялык кризиске учураган маалда аларды тынчтандыруу үчүн адамгерчиликсиз ыкмаларды колдонушкан. Бейтаптарга физикалык күч колдонуу үчүн бут-колдорун байлоочу бекиткичтери бар керебет, дубинка ж.б. кыйноочу аспаптар, электр шокер, оозун жабуучу каражаттарды колдонушкан.
Ал эми баш ийбеген бейтаптарды караңгылатылган терезелери жана тосмолору бар бөлмөлөргө 7-8 сутка бою камап, аларга памперс кийгизип, даараткананы жана жеке гигиена каражаттарын колдонууга чектөө коюшкан. Мындан тышкары жугуштуу оорулары бар бейтаптар, калгандардан бөлүнбөстөн чогуу кармалган.
Борбор мындай “дарылоо” үчүн бейтаптардан ай сайын 80 миң сомдон кызмат акы алып турушкан. “Ошол эле учурда, бейтаптардын реабилитациялык чыгымдарын төлөгөн туугандары жана достору борбордо колдонулган чыныгы дарылоо ыкмалары жөнүндө маалыматы болгон эмес”,- деп билдирди атайын кызмат.
Мындан тышкары текшерүү учурунда кызмат адамдарынын (медициналык кызматкерлердин) аталган мыйзамсыз ишке катыштыгы бар экендигин күбөлөндүрүүчү далилдердер алынган.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, 8 адам кармалды. Учурда тергөө иштери уланууда.