Казакстан менен Кыргызстан экологиялык күн тартибин макулдаштыУлуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев кызматтан кетүү боюнча арыз жаздыТрамп Кубаны «басып алуу» ал үчүн чоң сыймык болорун билдирдиБишкекте мотоцикл, скутер жана мопед айдоочуларына карата рейддер башталдыЖергиликтүү продукция деп сатылган кытай картошкасы: Кыргызстанда рейддер башталатИИМ: «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупция боюнча кылмыш иши козголду
Көчөдөгү рекламалык лампочкалардын күйүүсүнө тыюу салынат
29.09.2021 | 10:34
Көчөдө көрнөк-жарнак, кафе-ресторан, мончо-сауна, унаа токтотуучу жайлар, дүкөндөр жана башка жаркылдап күйүп турган рекламалык лампочкалар күйбөшү керек. Эртең менен кечинде атайын кызматтар кыдырып карап турушу керек. Мындай тапшырманы Улуттук энергохолдингдегилер бериптир. Бул туурасында Tazabek өзүнүн булактарына таянып жазды.
Ал маалыматка караганда, бул тапшырма “Түндүкэлектро” ААК, “Чыгышэлектро” ААК, “Ошэлектро” ААК, “Жалалабатэлектро” ААКларына тиешелүү дейт.
Мындай жаңы эрежени камтыган тиешелүү документке Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын башчысынын орун басары Замирбек Ходжомамбетов кол койгону белгилүү болду.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика