Тажикстан Кыргызстанга чек араны ачуу өтүнүчү менен кайрылды

Тажикстан Кыргызстанга чек араны ачуу өтүнүчү менен кайрылды

Тажикстан кыргыз бийлигине кызматташтыкты калыбына келтирүү жана чек араларды ачуу боюнча расмий кат жөнөттү. Бул тууралуу «Озоди» радиосуна Тажикстандын Транспорт министрлигинин жумалык «Наклиет» гезитинин башкы редактору Хандонгүл Доробова билдирди.

Анын айтымында, кыргыз тарап катка жооп бере элек.

«Биз азырынча Бишкектен жооп ала элекпиз. Тажикстан өз кезегинде өлкөлөр ортосунда транспорттун эркин жүрүүсүн камсыз кылууга даяр», — деди ал.

Тажикстандын Бишкектеги элчилиги «Озоди» радиосуна билдиргендей, эки өлкөнүн бийлиги мамилени калыбына келтирүүгө аракет кылып жатат, бирок чоо -жайын айтуудан баш тартты.

Эске сала кетсек, Кыргызстан Баткен облусундагы куралдуу кол салуудан кийин Тажикстан менен чек арасын жапкан. Жаңжалдан 189 кыргызстандык жабыркап, 36 адам каза болду, анын ичинде балдар дагы бар. 170тен ашык үй жана социалдык объектилер өрттөнүп кеткен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>