Бетинде кан менен айтып берген. Милиция Ярослав Овсюктун «шеригин» таптыКыргызстан шаар куруунун жаңы багыттарын талкуулады — Азербайжанда эл аралык форум өттүСүйүүнү даңазалаган “Жамийла” мюзикли көрүүчүлөргө тартуулануудаБишкекте Борбор Азия жана Индия форматындагы коопсуздук кеңештеринин катчыларынын үчүнчү жолугушуусу өттүОнлайн эмес: Бишкектеги мектептер эртең кадимки тартипте иштейтОвсюктун жаңы коркутуусу: бул жолу Бишкектеги соода борборлору
Санкт -Петербургдан Ошко учкан учак Казанга шашылыш конду
04.10.2021 | 09:55
Казан аэропорту конууга аргасыз болгон учакты кабыл алды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Учак Санкт -Петербургдан Ош шаарына учкан.
Учуу учурунда жүргүнчүлөрдүн бири күтүүсүздөн өзүн жаман сезген, учактын командири Казанга шашылыш конууну чечти. Ал жерден жүргүнчүнү тез жардам кызматы алып кеткен. Жаран шаардык ооруканага жеткирилген. Конгондон дээрлик эки саат өткөндөн кийин лайнер көздөгөн шаарына учуп кетти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом