Баткен облусунда 250 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясы курулатБишкекте Алматыдагыдай бирдиктүү микромобилдүүлүк оператору иштей башташы мүмкүн. Бул эмнени билдиретКендирбаева: 200 мектеп мугалими Москвада стажировкадан өтүп жататКыргызстанда салык органдарына отчёт берүүгө милдеттүү болгон коммерциялык эмес уюмдардын тизмеси кеңейтилдиМыйзамсыз лотереяларды өткөргөн интернет-платформалар аныкталдыКыргызстан тамеки экспортун көбөйтүүдө
Депутат: Айылдык депутаттардын укуктары азайды. Чыр чыкпайбы?
06.10.2021 | 17:18
Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Аскарова Жергиликтүү кеңештердин депутаттары парламенттеги мыйзамга тынчсыздануусун билдирип жатышканын шардана кылды.
Анын айтымында, айылдык кеңештин депутаттары бул мыйзамга тынчсыздануусун билдирип, мага телефон аркылуу байланышып жатат. Эгерде, бул мыйзам кабыл алына турган болсо, кандайдыр чыр-чатакка алып келбейби деп жатышат. Анткени, жергшиликтүү кеңештин депутаттарынын укуктары өтө эле чектелип калды.
Жогорку Кеңеште жергиликтүү муниципалдык мекемелер боюнча мыйзам талкууланып жатат. Анда айылдык кеңештин депутаттары айыл өкмөттү, ал эми шаардык кеңеш мэрди да шайлай алышпайт. Алардын сунушу жок эле, аким шайлап коёт.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат