Бишкекте милиционерге кол салган адам кармалдыЖыл башынан бери ИДПнын көлөмү 1 трлн 427,3 млрд сомду түздүАюу, түлкү, илбирс: Кыргызстандагы жапайы жаныбарлардын сүрөтү жарыяландыСадыр Жапаров Ташкентте бирдиктүү «Санариптик транзиттик коридор» платформасын түзүүнү сунуштады«KAV & KEV» компаниясынын кеңсесинде тинтүү жүрүп, Клевцовду суракка алып кетиштиӨкмөт башчы Москвага иш сапары менен барат
Маматалиев: “Ынтымак” партиясынын командасы уникалдуу
11.10.2021 | 12:43
Бүгүн, 11-октябрь Бишкекте “Ынтымак” саясий партиясынын кезексиз съезди өтүүдө. Партиянын төрагасы Марлен Маматалиев съезде сөз сүйлөп жатып алдыдагы парламенттик шайлоодо жеңишке жетүүгө ишенич чоң экенин белгиледи.
Ал аталган партияга өз дымагы бар талапкерлер чогулганын айтып, уникалдуу экендерин билдирди.
“Жогорку Кеңешке бара жаткан биздин команданын ар бир мүчөсү башкаларга үлгү, шык бере алат. Биз шайлоодо жеңишке жетебиз, азыркы командам менен сыймыктанам”, – дейт Маматалиев.
“Ынтымак” саясий партиясынын катарында Жогорку Кеңештин азыркы төрагасы Талант Мамытов дагы бар.
Белгилей кетсек, үгүт иштери 29-октябрда башталып, парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат