“Хизбут-Тахрир” уюмунун 6 лидери кармалды

“Хизбут-Тахрир” уюмунун 6 лидери кармалды

“Хизбут-Тахрир” уюмунун 6 лидери кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, булар экстремисттик идеологияны жайылтуу үчүн диний сабактарды өткөрүшкөнү жана 50дөн ашык Кызыл-Кыя шаарынын тургундарынан турган диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн «жыйынын» ай сайын уюштуруп турганы аныкталган.

Алар:
1. 47 жаштагы «К.А.К.» Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, Кызыл-Кыя шаарындагы «минтака-масул» диний экстермисттик уюмунун лидери;
2. 46 жаштагы «К.С.С.» Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, Кызыл-Кыя шаарындагы «накиб-джихоза» диний экстермисттик уюмунун ячейканын жетекчиси;
3.45 жаштагы «Н.Ж.М.» Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, Кызыл-Кыя шаарындагы «накиб-джихоза» диний экстермисттик уюмунун ячейкасынын жетекчиси;
4.30 жаштагы «А.у.А.» Тажикстандын жараны, Кызыл-Кыя шаарындагы «мушрив-халки» диний экстермисттик уюмунун тобунун жетекчиси;
5.26 жаштагы «Э.Н.Т.» Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, Кызыл-Кыя шаарындагы «мушрив-халки» диний экстермисттик уюмунун,тобунун жетекчиси.
6.28 жаштагы «М.З.Я.» Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, Кызыл-Кыя шаарындагы «казыначы» диний экстермисттик уюмунун (ячейканын финансылык маселелери үчүн жооптуу).

Алардын жашаган жерлеринде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында, экстремисттик маанайдагы адабияттар (36 даана китеп, 20 даана китепчелер, 25 даана баракчалар, 13 даана дептерлер, 15 даана уюлдук телефон, 15 даана электрондук маалымат алып жүрүүчү каражаттар, 1 даана ноутбук) табылып алынган.

Кармалган жарандар Кадамжай райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, алардын кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча тергөө аракеттери жана ыкчам-изилдөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>