Акысыз медициналык кызмат көрсөтөт: Араванда мобилдик мульти-диагностикалык комплекс ишин баштады«Кыргызкөмүр» 2025-жылы боюнча 1 млн 385 миң тонна көмүр өндүргөн2025-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу сот иштери 24%га өстүКыргызстандын бизнеси 2025-жылдын I жарым жылдыгында ЕАЭБ өлкөлөрүнө 82 млн долларга жакын инвестиция салдыКазакстандын Энергетика министрлиги 2026-жылга карата мунай өндүрүү болжолун 98 млн тоннага чейин төмөндөттүБУУнун Коопсуздук кеңеши Жакынкы Чыгышта ок атууну токтотуу боюнча резолюциянын долбоорун четке какты
Кыргызстанда орточо эмгек акы 20 миң сомго жакын
12.10.2021 | 11:04
Ушул жылдын январь-август айларында Кыргызстанда орточо эмгек акы 19 миң 586 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Бактыбек Шокенов республиканын 2021-жылдын январь-сентябрь айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына арналган маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, орточо эмгек акынын өсүшү 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,2%ды түздү.
“Эмгек акынын эң олуттуу өсүшү транспорт секторунда жана товарларды сактоодо – 31,7%га, мүлк менен болгон бүтүмдөрдө – 16,4%га, маалымат жана байланышта – 16,1%га, өндүрүштө – 13,2%га, тоо-кен өндүрүшүндө – 11,1%га байкалган”, – деди Шокенов.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика