Кыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттүКыргызстанга америкалык «Boeing» учактарын жеткирүү мүмкүнчүлүгү каралууда
Кыргызстанда орточо эмгек акы 20 миң сомго жакын
12.10.2021 | 11:04
Ушул жылдын январь-август айларында Кыргызстанда орточо эмгек акы 19 миң 586 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Бактыбек Шокенов республиканын 2021-жылдын январь-сентябрь айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына арналган маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, орточо эмгек акынын өсүшү 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,2%ды түздү.
“Эмгек акынын эң олуттуу өсүшү транспорт секторунда жана товарларды сактоодо – 31,7%га, мүлк менен болгон бүтүмдөрдө – 16,4%га, маалымат жана байланышта – 16,1%га, өндүрүштө – 13,2%га, тоо-кен өндүрүшүндө – 11,1%га байкалган”, – деди Шокенов.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика