Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Мас кишини сүзүп кеткен айдоочу кармалды (ВИДЕО)
12.10.2021 | 12:58
11-октябрь күнү Ак-Суу районунун Боз-Учук айылынан белгисиз айдоочу жолдун ортосунда мас абалда отуруп алган 72 жаштагы М.С.ны сүзүп, бирок, ошол бойдон из жашырган. Бул туурасында Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, изи сууй электе Хундай-Сантафе унаасы менен айдоочу Ак-Суу районунун Шахты-Жыргалан айылынын тургуну 36 жаштагы Б.Н. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестирине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалып тергөө иштери жүрүүдө.
Сүзүлгөн кишинин абалы туурасында маалымат билдирүүдө айтылган эмес.

Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар