Арзыбек Кожошев вице-премьер-министр болот

Арзыбек Кожошев вице-премьер-министр болот

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын башчысы Арзыбек Кожошев Кыргызстандын вице-премьер министри болот. Бул тууралуу «Акчабар» өздүк булагына таянуу менен жазып чыкты.

Маалыматка ылайык аны дайындоо маселеси буга чейин эле чечилген.

Арзыбек Кожошев эмгек жолун Финансы министрлигинде 1996-жылы адис катары баштаган. Ал эми 2015-жылы финансы министринин орун басары болгон, кийин экономика министрлигин жетектеген. 2019-жылдын декабрынан ушул убакка чейин Мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматынын төрагасы кызматын ээлейт.

Ошондой эле, бизге экономика жана каржы министрлигин кайрадан эки көз карандысыз мекемеге бөлүү пландалып жатканы белгилүү болду. Каржы министрлигинин башчылыгына экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Алмаз Бакетаев келиши күтүлүүдө, ал эми экономика министрлигинин башчылыгына министрдин орун басары Данияр Амангелдиев келиши мүмкүн.

Эске салсак, бир катар массалык маалымат каражаттарында учурдагы экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун министрлер кабинетинин башчылыгына дайындалышы тууралуу маалымат тараган. Булактардын айтымында, Азиз Аалиев министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматында калат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>