Ош шаарына кошулган Жаңы-Маала айылында масштабдуу курулуштар башталатЕАӨБ Кыргызстандын өнөр жайынын белгилүү болбогон мүмкүнчүлүктөрүн атадыМСК ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоо үчүн зарыл болгон документтердин толук тизмесин жарыяладыКыргызстанда жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр бекитилди«Тазалыктын» жетечиси унаа сүзүп каза болгон кызматкер тууралуу комментарий бердиБишкекте жер титирөө сезилди
Акылбек Жапаров: Мен олигарх эмесмин
13.10.2021 | 16:18
Сиз өзүңүздү олигархтардын катарындамын деп эсептейсизби? Бул суроонуу Жогорку Кеңештин депутаты Кемелбек Акылбеков Министрлер Кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Акылбек Жапаровго парламентте берди.
“Мен олигарх эмесмин. Бизнес менен алектенбейм. Бизнести келинчегим жүргүзөт. Бир да жолу мамлекеттик тендерлерге катышкан эмес. Конфет алып-келип сатчу. Аткезчилик көбөйгөндөн кийин ал бизнесин да токтотту. Азыр алма өстүрөт. 10 жылдын ичинде 1 млрд. 200 млн. сомдон ашык салык төлөдү” – деди Акылбек Жапаров.
Буга чейин Бишкек шаарындагы “Дамас” мейманканасы Акылбек Жапаровго таандык деген маалыматтар айтылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат