Мандатын тапшырган Сулаймановдун ордуна Азизбек Абдуллаев Жогорку Кеңешке депутат болуп келди2025-жылы Ош шаарын өнүктүрүүгө бюджеттен 6,6 млрд сом бөлүнгөнМСК: Мамлекеттик кызматкерлер жана уюмдар салык декларациясын 1-апрелге чейин тапшырышы керекКыргызстандык салык төлөөчүлөр кыймылсыз мүлк боюнча маалыматтарды тактоого чакырылдыСадыр Жапаров Казакстанда бир палаталуу парламент түзүү демилгесин колдойтКонституциялык сот: Президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүгө негиз жок
Чүйдө тоодо адашып кеткен индиялыктар табылды
14.10.2021 | 11:30
Чүйдө тоодо адашып кеткен индиялык жарандар табылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 10 индиялык Кегети капчыгайындагы Көлтөр деген жерге эс алууга барып, жолдон адашып кеткен.
Куткаруучулар Токмок шаарынан 13-октябрда саат 22:30да жөнөп кетип, аларды саат 05:27де табышып, аман-эсен тийиштүү кызматкерлерге өткөрүп беришти. Абалдары жакшы.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом