Сот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун жансыз денеси табылдыБШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты14-март: Өлкөдө күн ачык болотКыргызстандын товарлары Өзбекстандын рыногуна чыгууда: 500 миң долларлык экспорттук келишимге кол коюлдуДүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну аймактын энергетикалык коопсуздугунун негизги фактору деп атадыМаданият кызматкерлеринин айлыгы 35 миң сомго чейин көтөрүлүп, 117 мекемеге кызматтык унаа берилет
Бишкекте дагы 30 жаңы автобус ишке кирет
15.10.2021 | 11:02
Дүйшөмбү, 18 -октябрда Бишкекте дагы 30 жаңы Isuzu автобусу линияга чыгат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Максат Нусувалиев билдирди.
Ал 2021 -жылдын 11 -майында “Эко Пассажир Транспорт” ЖЧКсы менен 2021–2023 -жылдарга 1000 автобус жеткирүү боюнча меморандумга кол коюлганын эске салды. Жыл аягына чейин компания газ күйүүчү майы менен Өзбекстанда чыгарылган 350 «Исузу» автобусун алып келиши керек. Учурда 210 автобус алынып келинди, анын 90у беш каттам боюнча иштейт. Дагы 60 бажыдан өтүүдө, 30у газга өткөрүлүүдө.
Ал эми 30 автобус – 34, 21 жана 46 -линиялар боюнча дүйшөмбү күнү баштайт.
Бир каттам – No34 – жаңы, калган экөө Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын автобустары менен жүрчү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом