Экс-саламаттык сактоо министринин жакын тууганы кармалды

Экс-саламаттык сактоо министринин жакын тууганы кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын колдогон Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызмат адамдарына карата коррупция фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү улантууда. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мурунку саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри С.Ж.К.нын жакындарынын биринин тиешеси бар экендиги тууралуу төгүндөлгүс далилдер алынды. Дары-дармек менен камсыздоо департаментинде дары каражаттарын каттоо процессин туура эмес тездетүү максатында, министрликтин кызмат адамдарынан пара алуу жолу менен фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыктарын коргогон.

Учурда С.Ж.К.га карата Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тергөө аяктаганга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алуу тууралуу баш коргоо чарасын тандады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>