КР Министрлер кабинетинин башчысы Ысык-Көл облусунун маанилүү иш-чараларга даярдыгын текшердиWildberries жабыркаган сатуучуларга компенсация төлөй баштады29-июлда Кыргызстанда абанын температурасы +39°ка чейин жетет, жаан-чачын күтүлбөйтЖаратылыш ресурстары министри Япониянын элчиси менен экология жана тоо-кен тармагындагы кызматташууну талкууладыЮстиция министрлиги адвокаттардын ишинен кемчиликтерди аныктап, Этика боюнча комиссиядагы катышуусун убактылуу токтоттуКыргызстан Өзбекстандан минералдык жер семирткичтерди жеткирүүнү кайра жандандырууну каалайт
Бишкекте дагы 30 жаңы автобус ишке кирет
15.10.2021 | 11:02
Дүйшөмбү, 18 -октябрда Бишкекте дагы 30 жаңы Isuzu автобусу линияга чыгат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Максат Нусувалиев билдирди.
Ал 2021 -жылдын 11 -майында “Эко Пассажир Транспорт” ЖЧКсы менен 2021–2023 -жылдарга 1000 автобус жеткирүү боюнча меморандумга кол коюлганын эске салды. Жыл аягына чейин компания газ күйүүчү майы менен Өзбекстанда чыгарылган 350 «Исузу» автобусун алып келиши керек. Учурда 210 автобус алынып келинди, анын 90у беш каттам боюнча иштейт. Дагы 60 бажыдан өтүүдө, 30у газга өткөрүлүүдө.
Ал эми 30 автобус – 34, 21 жана 46 -линиялар боюнча дүйшөмбү күнү баштайт.
Бир каттам – No34 – жаңы, калган экөө Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын автобустары менен жүрчү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом