Бишкек мэри энергияны үнөмдөө шартында коомдук жайлардын иштөө тартибин тактадыКыргызстанда мүлк салыгы боюнча өзгөртүүлөр киргизилди«Евразия» пансионатынын жээгинде эркек киши катуу сабалып, каза болду. Шектуулордун арасында эки милиционер барНарында 4 баллдык жер титирөө болду18-ноябрда күн ачык болотКыргызстанда КРВИ жана сасык тумоо көбөйүүдө: жуманын ичинде 8 миң учур катталды
Президенттин администрация башкармалыктарына жетекчи келди
18.10.2021 | 17:22
Президент Садыр Жапаров президенттин администрациясынын башкармалыктарынын башчыларын дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жарлыктарга ылайык:
Укушов Мурат Каниметович президенттин жана министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы;
Эргешов Алтынбек Калдарович президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы;
Кожоналиев Кубатбек Азатович президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын башчысы;
Исанов Алмаз Насирдинович саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат