Ош шаарында 249 орундуу заманбап Перинаталдык борбор курулуудаБишкекте Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылатОшто жаңы сквер жана сейил бак курулуудаМамлекеттик бюджеттен респиратордук колдоого муктаж балдар үчүн каражат бөлүндүIT, креативдүү экономика, технология: Бишкекте «Go Viral Festival 2026» фестивалы өтөтАйрым аймактарда жаан жаайт: 8-августка карата аба ырайы
Аксыда жаңы мектеп ачылды
18.10.2021 | 17:40
Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Суу айыл өкмөтүндө жаңы салынган 225 окуучу орунга ылайыкташкан мектеп ачылды. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Мектеп эки кабат. Курулуш иштери 2019-жылы март айында башталып, ушул жылдын октябрь айында аяктады. “ПГС-ВЕК” ЖЧК курулуш компаниясы салган. Акчасын болсо Сауд өнүктүрүү фонду берген.
Ал эми ачылышына болсо Билим берүү жана илим министри баш болгон бийликтегилер барды. Маалыматта канча каражат сартпалганы боюнча так жазылган эмес.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом