ИИМ: «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупция боюнча кылмыш иши козголдуЕЭК Кытайды евразиялык логистиканын ачкычы деп атадыӨзбекстан импорттоочулардын массалык дооматтарынан улам жашылча экспортун көзөмөлдөө тутумун өзгөртүүдөТрамп Ирандагы аскердик операциядан улам Си Цзиньпин менен жолугушууну бир айга жылдырууну сурандыБаткенде эркек киши мурдагы жубайынын үйүнөн уурулук кылууга шектелип кармалды18-март: Көпчүлүк аймактарда күн ачык болот
«ЭкоИсламикБанктын» акциялары сатыкка чыкты
28.10.2021 | 11:04
Бүгүн, 27-октябрда Кыргыз фондулук биржасынын котировкалар бөлүмүндө “ЭкоИсламикБанк” жабык акционердик коомунун акциялары сатыкка чыкты. Бул туурасында “Акчабар” жазып чыкты.
Жарыяланган сунушка ылайык, акционер жабык акционердик коомдун 10 баалуу кагазын сатууну чечти. “ЭкоИсламикБанктын” бир акциясынын баасы кагазына миң сом деп белгиленген. Муну менен сунуш болгону 10 миң сомго бааланууда.
Каржы мекемесинин финансылык отчетуна ылайык, сентябрдын аягында “ЭкоИсламикБанктынтын” таза кирешеси 17 миллион 330 миң сомду түздү. Банк бир жыл мурун ушул убакта 42 миллион 702 миң сом зыян тарткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика