18-ноябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолуБишкекте жолдорду кеңейтүү: 13 тилкенин ээсине 40,7 млн сом бөлүндүБишкекте жасалма интеллект, финансы жана блокчейн боюнча эл аралык форум өтөтМанас шаарында курулуп жаткан жаңы муниципалдык базар декабрда ишке берилетКыргызстан менен Вьетнамдын курамалары бүгүн жолдоштук беттеш өткөрөтКыргызстандын эл артисти Роза Аманова Түркияда эл аралык сыйлыкка татыды
«ЭкоИсламикБанктын» акциялары сатыкка чыкты
28.10.2021 | 11:04
Бүгүн, 27-октябрда Кыргыз фондулук биржасынын котировкалар бөлүмүндө “ЭкоИсламикБанк” жабык акционердик коомунун акциялары сатыкка чыкты. Бул туурасында “Акчабар” жазып чыкты.
Жарыяланган сунушка ылайык, акционер жабык акционердик коомдун 10 баалуу кагазын сатууну чечти. “ЭкоИсламикБанктын” бир акциясынын баасы кагазына миң сом деп белгиленген. Муну менен сунуш болгону 10 миң сомго бааланууда.
Каржы мекемесинин финансылык отчетуна ылайык, сентябрдын аягында “ЭкоИсламикБанктынтын” таза кирешеси 17 миллион 330 миң сомду түздү. Банк бир жыл мурун ушул убакта 42 миллион 702 миң сом зыян тарткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика