Бишкек мэриясындагы кадрдык алмашуулар: Эки вице-мэр кызматтан бошотулдуШыкмаматов блогерлерди, креативдүү экономика өкүлдөрүн салыктан бошотуу чечимин түшүндүрдүАлтынбек Рысбеков Кыргызстандын энергетика министри болуп расмий дайындалдыАгартуу министрлиги заманбап бала бакчаларды жана мектептерди курууга чакыруудаБлогерлердин Reels видеосу 1000 доллардан турса да, алар салыктан бошотулатИлон Масктын триллиону: ал кыргыз шаурмасы менен эсептегенде канчалык көп экенин түшүндүрөбүз
Кызын көрбөй калды. Эмчек рагы менен ооруган Алина каза болду
28.10.2021 | 11:44
Эмчек рагы дарты менен алышып жаткан Алина Батурова каза болду. Бул тууралуу журналист Бактыгүл Чыныбаева “Фейсбуктагы” баракчасына жазып чыкты.
Алина Батурова 32 жашта болчу. Ал эмчектин залалдуу шишиктин IV стадиясы менен ооруп жаткан. Андан тышкары мээде, боордо жана өпкөсүндө метастаздар бар болгон. Ал ар 4 саат сайын морфин алып турган. Бейтаптын күйөөсү Казакстанда жашап, кызын көрүүгө уруксат бербей, жардам берүүдөн баш тарткан. Мындан улам келин окуясын коомчулукка алып чыгып, жардам сураган болчу.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Алина Батурова менен кызын жолуктура алган жок. Тактап айтканда, Алина айымдын өлүм алдындагы акыркы өтүнүчү аткарылбай калды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом