Түз эфир: Бишкекте Орусиялык компаниялардын бизнес форуму өтүүдө

10.11.2021 | 10:40

Бүгүн, 10-ноябрда Бишкекте Орусиялык компаниялардын эл аралык ар тармактуу бизнес форуму өтүүдө.

Форумга Орусиянын 70ке жакын алдыңкы компаниялары чакырылган. Иш-чаранын алкагында, Орусиянын экспорттук борбору жана Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан уюштурулган Россия менен Кыргызстандын ишкер чөйрөлөрүнүн жолугушуусу өтөт.

Иш-чара энергетика, айыл чарба, машина куруу, ресурс үнөмдөөчү тармактарды өнүктүрүү, коопсуздук тармагындагы санариптик технологиялар боюнча пландар талкууланат.

Жолугушуунун максаты – орусиялык өндүрүшчүлөрдүн продукциясын Кыргызстанга жайылтуу, ошондой эле инвестиция тартуу, эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө жана кеңейтүү.

Scroll to Top