Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайыТалас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулууда
Көмүрдүн баасын атайылап көтөргөндөргө каршы топ түзүлөт
12.11.2021 | 09:54
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров көмүргө карата бааны атайылап жогорулатуунун алдын алуу үчүн мобилдик топ түзүүнү тапшырды. Бул туурасында аталган органдын басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык, мамлекеттик органдардын транспорттук мүмкүнчүлүктөрүн мобилизациялоо менен облустарга көмүр ташууну уюштурушу керек. Аны менен бардык аймактары көмүр менен 100% камсыздалышы шарт. Бул иштерди аткарууга эки жума убакыт берди.
Муну менен катар Жапаров чиновниктердин шалаакылыгынан улам эл көмүр менен толук көлөмдө камсыз болбой жатканын кошумчалады. Ушул тапта көмүр бийлик койгон чектен ашып жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика