405 баш бодо малды чек арадан мыйзамсыз өткөрүүгө аракеттенген (ВИДЕО)

 405 баш бодо малды чек арадан мыйзамсыз өткөрүүгө аракеттенген (ВИДЕО)

Мамлекеттик салык кызматы кыргыз-казак участогундагы өткөрмө пункттарына жакын жайгашкан товарларды каттоо пункттарында ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден бир катар товарларды ташып келүүдө мыйзам бузуу фактыларын аныкташкан. Бул туурасында аталган мекемеден билдиришти.

Алсак, “Ак-Тилек” каттоо пунктунан 405 баш бодо малды, 95 баш жылкыны, 240 м/куб жыгачты ташып келе жаткан жүк ташуучу машиналар кармалган.

“Чалдыбар” товарларды каттоо пунктунан 3 тонна кургатылган мөмө-жемиш, 3 тонна бадыраң жана 80 м/куб жыгачты, “Ак-Жол” товарларды каттоо пунктунан 3 даана медициналык жабдууларды алып өтүүгө аракет кылышкан.

Бардык импорттоочуларда товарларды ташып келүүгө карата уруксат документтери жок болгон.

Бузуу боюнча материалдар мыйзамга ылайык мандан ары чара көрүү үчүн мобилдик топко өткөрүлүп берилди.

Кайсы убакыт аралыгындагы аракеттер экени белгисиз.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>