БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Тыштан ташылган өсүмдүк майдын сырьесун салыктан бошотуу керекпи?
16.11.2021 | 11:08
Өсүмдүк майдын сырьесун тыштан ташып келүүдө салыктан бошотуу керек. Бул туурасында ишкерлер уюмунун жетекчиси Рустам Балтабаев Коррупцияга каршы кеңешменин отурумунда билдирди.
Анын айтуусунда, мамлекеттик азык-түлүк коопсуздугун сактоо үчүн өсүмдүк майынын ролу чоң. Ошол себептен өсүмдүк майын өндүрүү өлкө үчүн абдан маанилүү. Бирок, чийки зат менен Кыргызстан камсыз кыла албагандыктан тыштан сатып келүүгө аргасыз болушат. Андыктан чийки сырьелорду ташып келүүдө салыктан он жылдан кем эмес бошотулушу керек.
Ушул тапта Коррупцияга каршы кеңешме Бишкекте өтүүдө. Ага ишкерлер жана ага тиешелүү кызматкерлер катышууда.