Айнекти караңгылатуудан жана «өзгөчө» номерлерден түшкөн акча унаа каттоо системасын жаңылоого жумшалатКыргызстанда аквакультураны өнүктүрүү борбору түзүлөтВенада Кыргызстан менен Европа өлкөлөрүнүн тышкы саясий кызматташтыгы талкууландыБишкекте мас айдоочу эки жол кырсыкка себеп болдуИсламабадда Садыр Жапаров менен Пакистандын президенти жолугушту5-декабрь: Тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт
Ош-Бишкек жолу: Үч унаа кагышып, 7 киши мерт кетти
16.11.2021 | 14:20
Кара-Суу районунун Бишкек-Ош унаа жолунун 661-чакырымында “Камаз”, “Mercedes-Benz Sprinter” жана “Daewoo Nexia” унааларынын катышуусунда жол кырсыгы болгон.
Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктын кесепетинен 7 жаран каза болгон (3 эркек, 4 аял), ошондой эле 6 адам Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган, 3 жаш бала балдар ооруканасына жаткырылган (аты-жөндөрү такталууда).
Жерине Кара-Суу райондук 3 куткаруучу тартылган.
Учурда жеринде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары А.Мазарипов, Ош облустук башкармалыгынын башчысы полковник Н.Шаматов абалды көзөмөлгө алууда. Бул туурасында аталган министрлик билдирүү таратты.
[image_carousel source=”media: 109126,109127″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Рубрики: Жаңылыктар, Коом