Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
УКМК: «Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясы бюджетке 3,2 млн доллар зыян келтирген
25.11.2021 | 15:26
“Эйр Кыргызстан” мамлекеттик ишканасы бюджетке 3 миллион 160,9 миң доллар зыян келтирген. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.
Такталгандай, мамлекеттик ишкана бир канча убакытка чейин зыян фактысын жашырууга жетишкен. Бул үчүн компаниянын жетекчилиги Эсеп палатасынын аудитору менен инспекторуна пара берген.
“Тергөөнүн жүрүшүндө Эсептөө палатасынын аудиторунун жана инспекторунун күнөөсү тууралуу төгүндөлгүс далилдер алынган. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин “Коррупция” бөлүгү боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Бишкектин Биринчи Май райондук соту камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады”, — деп айтылат мамлекеттик комитеттин билдирүүсүндө.
Бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.