logo

УКМК: «Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясы бюджетке 3,2 млн доллар зыян келтирген

УКМК: «Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясы бюджетке 3,2 млн доллар зыян келтирген

«Эйр Кыргызстан» мамлекеттик ишканасы бюджетке 3 миллион 160,9 миң доллар зыян келтирген. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Такталгандай, мамлекеттик ишкана бир канча убакытка чейин зыян фактысын жашырууга жетишкен. Бул үчүн компаниянын жетекчилиги Эсеп палатасынын аудитору менен инспекторуна пара берген.

«Тергөөнүн жүрүшүндө Эсептөө палатасынын аудиторунун жана инспекторунун күнөөсү тууралуу төгүндөлгүс далилдер алынган. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин “Коррупция” бөлүгү боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Бишкектин Биринчи Май райондук соту камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады», — деп айтылат мамлекеттик комитеттин билдирүүсүндө.

Бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>