Кайыңды шаарындагы бала бакча жана маданият үйү мамлекетке кайтарылды — УКМКБыйыл өлкөдө 2,7 миңден ашык өрт кырсыгы катталып, 34 адам каза таптыБишкекте МИКтин үйлөрүнүн ичинде жаңы мектеп филиалы ишке кирдиТажикстанда ЖККУнун «Бузулбас боордоштук» жана «Тоскоолдук» машыгуулары башталдыСамаркандда Борбор Азия өлкөлөрүнүн коргоо министрлери жолугуштуТүштүк аймактарда 50 жаштан өткөндөрдүн көзү текшерилет
Ош: “Бүтүн Кыргызстан”, “Багыт” партиялары чектен сызылды (ФОТО)
28.11.2021 | 15:06
Ош шаарындагы №5271 шайлоо участкасында АСУдан чыккан чектен эки партия чийилип чыгууда. Бул тууралуу социалдык тармактарга маалыматтар жарыяланууда.
Чектеги партиялар көрсөтүлгөн тизмеден «Бүтүн Кыргызстан» менен «Багыттын» өчүрүлгөнүн көрүүгө болот.
Ош аймактык шайлоо комиссиясынын башчысы Бакыт Алматовдун «Т-Медиага» билдиришинче, бул техникалык себептерден болгон.
«Бизге маалымат түшкөн. Кечээ бүт баарыны тестирлөөдөн өткөргөнбүз. Баары жакшы болгон. Азыр мобилдүү топ оңдоо үчүн чыгып кетти. Бул техникалык гана ката. Чекти чыгарып жатканда ушундай болуп калган. Кайра калыбына келет» , — деди Алматов.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат