Шайлоо тилкелерине келген саясатчылардын жубайларынын саркеч кийимдери — сүрөт

Шайлоо тилкелерине келген саясатчылардын жубайларынын саркеч кийимдери — сүрөт

Бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Эреже катары, бул күнү жарандардын жана басма сөздүн көңүлү бир гана шайлоо процессине эмес, ошондой эле мамлекеттин жогорку кызмат адамдарынын жана белгилүү саясатчылардын добуш берүүсүнө бурулат. Анын ичинде алардын үй-бүлө мүчөлөрү да шайлоо тилкелерине көп келишет.

Reporter.kg шайлоо тилкелерине жубайлары менене чогу келген cаясатчылардын сүрөттөрүн топтоп, аялдарынын кийген кийимдерине көңүл бурду. 

Мамлекет башчы Садыр Жапаров таң эрте добуш берди, андан кийин өлкө башчы дароо Түркмөнстанга иш сапары менен кетти. Айгүл Жапарова жолдошу менен добуш берүүгө келген. Ал жеңил пальто, мойнуна жоолук байлап алган.

Өмүрбек Текебаевдин жубайынын образы да Жапаровдун аялыныкына окшош. Добуш берүүгө келген Айгүл Текебаева пальто, жибек жоолукту мойнуна байлап алган.

Депутат Эмил Токтошевдин жубайы шайлоо тилкесине жеңил пальто кийип, ачык түстөгү макияжы менен башка саясатчылардын аялдарынан өзгөчөлөнгөн.

Депутаттыкка талапкер Канат Мидин уулу социалдык тармакка шайлоо тилкесине жубайы менен келген сүрөтүн жарыялады. Аялы жупунураак кийинген, ал дагы ачык түстөгү кийимдерди тандап, башына жоолук салынган.

Депутат Марлен Маматалиев дагы жубайы менен шайлоо тилкесине келе жаткан сүрөттөрүн социалдык тармактагы баракчасына чыгарды. Эл өкүлүнүн жубайы ачык кызыл пальто жана өзүнө жарашыктуу бут кийим кийип келди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>