Түркия Кыргызстандын выпустил памятную монеталарды “Кароо-кесүү”ЕАЭБдеги өнөр жай өнөктөштүгү: Кыргызстан компьютердик техника өндүрүшүнө кошулдуБишкек абанын булганышы боюнча 32-орунду ээледиДели – Бишкек – Дели багыты боюнча жаңы каттам ачылдыЧүй проспектисинин ЦУМ жактагы бөлүгү 12-декабрда ачылатКамчыбек Ташиев ЦУМдун жанындагы имараттын үчүнчү кабатын бузууну тапшырды
18:00: Жалпы шайлоочулардын 28 пайызы добуш берди
28.11.2021 | 18:55
Саат 18:00гө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо бирдиктүү округ боюнча добуш бергендердин жалпы саны 28,36 пайызды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрь БШКнын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, бирдиктүү шайлоо округу боюнча жалпы шайлоочулардын саны 3 млн 703 миң 420 жаранды түзөт. Анын ичинен 1 млн 50 миң 163 жаран шайлоого катышты.
«Бир мандаттуу шайлоо округдарында 1 млн 37 миң 373 шайлоочу (28,66%) добуш берди. Бир мандаттуу округдардагы шайлоочулардын саны 3 млн 619 миң 292ни түзөт. Ал эми чет өлкөлөрдө тизмеге кирген 84 миң 128 жарандын ичинен 6 миң 609 (7,86%) адам өз тандоосун жасады»,- деди Шайназаров.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат