Коомдук ишмер Мирбек Асангариев добушканаларда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн пандустардын эл аралык стандарттарга жооп бербесиин айтып, Борбордук шайлоо комиссиясын фейсбуктагы баракчасы аркылуу сынга алды.
Ал ошондой эле шайлоо тилкелердин алдындагы тайгалакты, пандустун тиктигин көрсөткөн сүрөттөрүн жарыялады.
Асангариев өзү атайын коляска менен жүрөт.