Жылмаюу жана бий: №33 автобустун «Жапайы айдоочусу» бишкектиктерге жагымдуу маанай тартуулайтБишкекте 8 өспүрүм дайынсыз жоголууда. Алардын алтоо балдар борборунун тарбиялануучуларыСтудент алмашуу, биргелешкен изилдөө жүргүзүү: Кыргызстан менен Кореянын ЖОЖдору кызматташатТаластагы күрөөкана мыйзамсыз тартып алынган мүлктөрдү ээлерине кайтардыБишкекте автобуста телефон уурдоого шектелген жаран кармалды24-февралга карата аба ырайы
БШКнын сайтына 20 өлкөдөн хакердик чабуул болду
29.11.2021 | 10:14
Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына 20 өлкөдөн хакердик чабуул болду. Бул туурасында Коопсуздук кеңешинин катчысы, парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча Республикалык штабдын жетекчиси Марат Иманкулов билдирди.
«Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков менен БШКнын серверин текшергени бардык. Ошол убакта адистер кандайдыр бир чабуул болгонун айтышты. Былтыр да ушундай аракеттер болгон экен, бирок экрандан хакердик чабуулду тосуп жатканын көрсөтүштү. Катуу корголгондуктан таасир эткен жок. Адис «чабуулдарды басаңдатып, жол берген жокпуз» деп айтты», — деди.
28-ноябрь күнү парламенттик шайлоо боюнча БШК сайты электрондук урналардан түшкөн добуштардын жыйынтыгын чыгарып жаткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат