Кыргызстанга дүйнөдөгү эң чоң Ан-225 «Мрия» учагы учуп келди

Кыргызстанга дүйнөдөгү эң чоң Ан-225 «Мрия» учагы учуп келди

Кыргызстанга дүйнөдөгү эң чоң учак учуп келди. Бул тууралуу «Манас» аэропортунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ан-225 «Мрия» учагы 2021-жылы 28-ноябрда «Манас» эл аралык аэропортуна конду. Бул учак Кыргызстанга үчүнчү жолу учуп келди, буга чейин 2013 жана 2018-жылдары учуп келген.

«Узундугу 84 метр, бийиктиги 18,2 метр жана жайылган канаты 88,4 метрди түзгөн чоң аба кемесин дүйнөнүн бардык аэропорттору кабыл ала албайт»,- деп айтылат маалыматта.

Ан-225 «Мрия» — дүйнөлүк авиациянын тарыхындагы эң чоң жана жүк көтөрүүчү учак жалгыз гана нускада бар. Авиация майы менен толук толтурулганда 15 миң километрден ашык аралыкты басып өтө алат.

Учак СССРде бир жалгыз гана нускада Киев механикалык заводунда (долбоордун жетекчиси – В. И. Толмачев) 1984−88-жылдары долбоорлонгон жана жасалган. Учак биринчи жолу 1988-жылы 21-декабрда учкан.

Ан-225 учагын курулушунун максаты көп жолу колдонулуучу «Буран» космостук кеме долбоору үчүн аба транспорт системасын түзүү зарылчылыгы себеп болгон.

деп аталган

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>