Өлкөдө күн ачык болот: 19-октябрга карата аба ырайыКыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлат
БШКнын сайтына 20 өлкөдөн хакердик чабуул болду
29.11.2021 | 10:14
Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына 20 өлкөдөн хакердик чабуул болду. Бул туурасында Коопсуздук кеңешинин катчысы, парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча Республикалык штабдын жетекчиси Марат Иманкулов билдирди.
«Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков менен БШКнын серверин текшергени бардык. Ошол убакта адистер кандайдыр бир чабуул болгонун айтышты. Былтыр да ушундай аракеттер болгон экен, бирок экрандан хакердик чабуулду тосуп жатканын көрсөтүштү. Катуу корголгондуктан таасир эткен жок. Адис «чабуулдарды басаңдатып, жол берген жокпуз» деп айтты», — деди.
28-ноябрь күнү парламенттик шайлоо боюнча БШК сайты электрондук урналардан түшкөн добуштардын жыйынтыгын чыгарып жаткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат