Жергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталуудаРоссиялык «Вкусно — и точка» тармагы 2026-жылы Кыргызстанда алгачкы ресторандарын ачатДэн Сяопин проспектисинин дагы бир түштүк тилкеси оңдоого жабылатУлуттук банк: «Оптима Банк» аркылуу эң көп алдамчылык операциялары жасалганМына алар, солдон оңго карай: Маданият министри кыргыз рэперлери менен жолугуштуАкысыз медициналык кызмат көрсөтөт: Араванда мобилдик мульти-диагностикалык комплекс ишин баштады
Башкы прокурор Зулушевдун канча аргымагы бар? Жооп
07.12.2021 | 09:46
Башкы прокурор Жогорку Кеңештин депутаты болуп турган учурунда, 2020-жылы 750 722 сом иштеп тапкан, чыгашасы жазылган эмес. Бул туурасында Салык кызматына тапшырган декларациясында көрсөтүлгөн.
Ал Toyota үлгүсүндөгү (модели жазылган эмес) автоунаасына, 70 миң сомдук эмерек, 25 миң сомдук компьютер жана техникага ээлик кылат. Ошондой эле 250 миң сомго бааланган бодо малы,, 700 миң сомдук жылкы, 1 млн. 650 миң сомдук таза кандуу аргымактары бар.
Жакын туугандары 2020-жылы 250 миң сом киреше чогулткан. Чыгашасы 4,9 миллион сомго жеткен. 119 чарчы метрлик турак жайы, аянты 8,1 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси бар.
Курманкул Зулушев 2020-жылдын октябрь айына чейин Жогорку Кеңештин депутаты болуп иштеген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат