Жогорку Кеңеш Алмаз Бакетаевди Улуттук банктын төрагасы кызматына дайындоого макулдук бердиБишкекте венгер түркологуна мемориалдык такта орнотулатАлмаз Бакетаев каржы министри кызматынан кетип, Улуттук банктын төрагасы болуп шайландыӨкмөт ата мекендик зергерлер үчүн баалуу металлдарды сатуу тартибин бекиттиМандатын тапшыргандардын ордуна Жогорку Кеңешке жаңы депутаттар келдиЖогорку Кеңештин депутаттарынын трибунадан сүйлөөсү чектелет
Олимп чемпиону Роман Власов Акжол Махмудовго чакырык таштады (ВИДЕО)
07.12.2021 | 12:31
Орусиялык грек-рим күрөшү боюнча Олимп оюндарынын 2 жолку чемпиону Роман Власов Акжол Махмудовго чакырык таштады. Ал видео аркылуу өзүнүн социалдык баракчасынан кайрылып, чакырык таштаган.
Ал « Акжол Махмудов менен күрөшсөңөр жакшы болот эле деп мага көп адамдар жазып калышат. Ал Олимп оюндарында күмүш байгени багындырып, өзүнүн татыктуу экенин далилдеди. Ошол себептен, бир жерден жолуксак кызыктуу болмок деп ойлойм. Туура, башка таймаштардан деле кез келишип калышыбыз мүмкүн. Бирок, экөөбүздүн таймашыбызды күткөндөр көп болгондуктан, аларды зарыктырбай бир жерден күрөш уюштурушубуз керек” – деп чакырык таштады ал.
Азырынча Акжол Махмудов жооп кайтара элек. Бирок, инстаграммдагы баракчасынын сторисине чакырыкты чыгарды.

Рубрики: Жаңылыктар, Спорт