Ысык-Көл: Түптө 7-класстын окуучу кызы зордукталды

Ысык-Көл: Түптө 7-класстын окуучу кызы зордукталды

Зордукталган кыз учурда мектепке баргандан уялып жатат. Бул туурасында “Турмуш” басылмасы жазып чыкты.

Андагы маалыматка караганда, мектепте эмгектенген социалдык мугалимдин айтымында, Баяна (аты-жөнү өзгөртүлдү) бул мектепте 5-класстан баштап билим алып келген. Быйыл 1-чейректе сабакка келбей калган Баянанын үйүнө барганда, ата-энеси айылдаштары зордуктаганын билдирген.

«Баяна 4-класска чейин ата-энесинин колунда болгон. Андан соң башка айылда жашаган таята жана таэнесинин карамагына өткөн. Мектепте орто баага окуп, мүнөзү токтоо эле. Быйылкы окуу жылы башталганда сабакты көп калтырып, бизге башка мектепке которулду деген маалыматтар келди. Ушундан улам мектеп мугалимдери, айылдык кеңештин депутаттары менен бирге үйүнө барып кабар алганыбызда, 22-ноябрь күнү ата-энеси кызы зордукталганын айтышты. Баянанын айтымында, мектеп жашындагы балдар жыныстык катнашты видеого тартып, кийин опузалаган», — деди социалдык мугалим.

Бул факт боюнча тергөө жүрүп жатканын райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Сейит Абдылдаев билдирди.

«Окуучу кыздын айтымында, бул окуя үстүбүздөгү жылдын жай мезгилинде болгон экен. Айылдагы мектеп жашындагы балдар зордуктаса, кийин таякеси да күч колдонгон. Бул маалымат канчалык чындыкка дал келери тергөөнүн жыйынтыгы менен белгилүү болот. Учурда окуучу кыз убактылуу мектепке келбей, ата-энесинин көзөмөлүндө болуп жатат», — деди С.Абдылдаев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>