Садыр Жапаров Тергөө комитетин түзүүнү жарыялап, УКМКга экономикага кийлигишүүгө тыюу салдыШвейцария Кыргызстандагы баштапкы медициналык-санитардык жардам реформаларын колдоону улантатАйыл чарбасына жасалма интеллектти киргизүү ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн алдыга озуп чыгуусун камсыздайт21-февраль: Көпчүлүк аймактарга жаан, кар жаайтАбдупата Маткаликов Эрнисбек Ормоковдун ордуна Манас шаарынын жаңы мэри болуп дайындалдыДастан Бекешев «TikTok» соцтармагын бөгөттөн чыгарууну суранып, УКМКга кайрылды
Сокулук: 16 жаштагы кызды зордуктаган кишинин үй-бүлөсү айылдан көчүп кетти
09.12.2021 | 11:29
Сокулукта 16 жаштагы кызды зордуктаган кишинин үй-бүлөсү айылдан көчүп кетти. Бул тууралуу жабырлануучунун атасы билдиргенин “Сереп” жазды.
“Шектүүнүн үй-бүлөсү айылдан көчүп кетишти. Менимче, Бишкекке кетишти окшойт”,— деди ал.
Жергиликтүү тургундар 7-декабрда шектүүнүн үй-бүлөсүн айылдан көчүп кетүүгө 3 күн убакыт берген.
Окуя 5-декабрда болгон. Шектүү 1990-жылы туулган К.Н. 16 жаштагы кызды өз унаасына салып барып зордуктап, сабаган. Ал учурда Бишкек шаарындагы СИЗО-1де камакта.
Сокулукта айдоочу өз унаасында 16 жаштагы кызды зордуктады – сүрөт
Рубрики: Жаңылыктар, Коом